Казакстан менен Түркия 18 документке жана тиешелүү декларацияга кол коюшту

Казакстан менен Түркия 18 документке жана тиешелүү декларацияга кол коюшту

Казакстандын жана Түркиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Мамлекеттин башчысын Анкарадагы Президенттик сарайда салтанаттуу тосуп алышты. Касым-Жомарт Токаевдин кортежин атчан гвардия коштоп, ал эми Режеп Тайип Эрдоган өзү тосуп алды.

Жолугушууда мамлекет башчылары Казакстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулашты. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого көңүл бурушту.

Андан кийин эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Стратегиялык кызматташтык кеңешинин 5-жыйыны өттү. Тараптар мамилелерди дагы жогорку деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин баса белгилешти. Мисалы, өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү 5 миллиард долларды түздү. Ошол эле учурда Казакстан Түркиянын рыногуна кеминде 34 түрдүү өнүмдү бир миллиард долларга чейин жеткире алат. Өлкө импорттолуучу түрк товарларынын түрлөрүн дагы көбөйтүүнү көздөөдө. Касым-Жомарт Токаев товар жүгүртүүнү көбөйтүүдө транспорттук-логистикалык тармактын өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Бул жерде Казакстан Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүүгө чоң маани берет. Касым-Жомарт Токаев түрк инвестициялары заманбап темир жолдорду, кургактык портторду жана жүк терминалдарын курууга, ошондой эле кеме курууга жумшалышы мүмкүн экенин белгиледи. Мамлекет башчысы жана Режеп Тайып Эрдоган Стратегиялык кызматташтыктын жогорку деңгээлдеги кеңешинин бешинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен декларацияга, ошондой эле бешинчи жыйындын чечимине кол коюшту. 18 өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документтерге кол коюлду.

Салтка ылайык, мамлекет башчылары брифинг өткөрүштү. Казакстандын президенти эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүккө өткөнүн белгиледи. Өлкөдө бүгүнкү күндө 4 миңге жакын түркиялык компания иштейт. Алар менен биргеликте энергетика, курулуш, өнөр жай, айыл чарба, инфраструктура, медицина, туризм тармактарында 6 миллиард долларлык долбоорлор ишке ашырылды. Ошол эле учурда Казакстандын Түркияга салган инвестициясынын көлөмү 2,5 миллиард доллардан ашты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Учурда Европа менен Кытайдын ортосунда кургактык аркылуу ташылган жүктөрдүн 85%ке жакыны Казакстан аркылуу өтөт. Ошондой эле, Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун, башкача айтканда Ортоңку коридордун өнүгүшү да чоң мааниге ээ. Бул демилге эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет. Казакстан темир жолду модернизациялоодо, автоунаа жолдорун курууда жана Каспий деңизиндеги кеме каттамдарын активдештирүү үчүн инфраструктураны жаңылап жатат. Түрк инвесторлорун бул долбоорлорго активдүү катышууга чакырабыз. Биздин Өкмөт түрк ишкерлерине өзгөчө жеңилдиктерди берүүгө даяр.

Энергетика тармагында дагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги кең.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Учурда Баку-Тбилиси-Джейхан кууру аркылуу Түркияга жыл сайын 1,4 миллион тонна казакстандык мунай ташылат. Биз жеткирүү көлөмүн көбөйтүү маселесин талкууладык жана Turkiye Petroleum компаниясынын Казакстан рыногунда иштөө ниетин кубаттайбыз. Ошондой эле биз түрк компанияларынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана алардын энергия булактарын ар тараптандыруу жана электр станцияларын куруу боюнча тажрыйбасын пайдаланууга кызыкдарбыз. Ири долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даярбыз.

Тараптар айыл чарба, коргонуу өнөр жайы, маалыматтык технологиялар жаатында кызматташуу, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу да сүйлөшүштү. Мындан тышкары, мамлекет башчылары актуалдуу дүйнөлүк көйгөйлөр боюнча пикир алмашышты. Казакстандын жана Түркиянын президенттери бардык чыр-чатактарды жана карама-каршылыктарды тынчтык жолу менен, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечүү зарыл деп эсептешет. Касым-Жомарт Токаев Режеп Тайип Эрдогандын Орусия-Украина жаңжалын жөнгө салуудагы өзгөчө ролун белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков