Казакстандык өнүмдөр Израилдин дүкөн текчелерине жетти. Ата мекендик өндүрүүчүлөр жаңы рынокторду ийгиликтүү өнүктүрүүдө. Мисалы, Израилдин Петах-Тиква шаарындагы эң популярдуу супермаркеттен казак таттууларын сатып алууга болот. Жергиликтүү керектөөчүлөр жаңы өнүмдөрдү сатып алып, баалоого жетишкен.
Михаил Гольдштейн, Импортер компаниясынын өкүлү:
- Өнүмдөрдүн сапаты абдан жогору. Рынок азыр мурдагы СССРдин башка өндүрүүчүлөрүнүн өнүмдөрү менен өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бирок сапаты жогору экенин дагы бир жолу айтам. Курамында химиялык кошулмалар абдан аз, мыкты өнүм.
Учурда израилдик компаниялар казакстандык өндүрүүчүлөр менен макарон жана балык азыктарын, кыямдарды жеткирүүнү уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Транспорт жана логистикалык маселелер да чечилет.
Сатыбалды Буршаков, Казакстандын Израилдеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Нур-Султан шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлөт. Учурда Израил менен Казакстандын ортосундагы экспорт жана импорттун үлүшүн талдап жатабыз. Ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери үчүн бизнес-форум өткөрүү көздөлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков