Астанада «Казакстан – Латвия» бизнес-форуму өттү

Астанада «Казакстан – Латвия» бизнес-форуму өттү

Казакстан менен Латвия агроөнөр жай тармагында кызматташтыкты кеңейтүүнү пландаштырууда. Тараптар Астанада өткөн биргелешкен бизнес-форумдун жүрүшүндө өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба өнүмдөрүнүн товар жүгүртүүсү 51 миллион доллардан ашты. Ошол эле учурда бул көрсөткүч жакында бир нече эсеге көбөйүшү мүмкүн. Өлкөлөр ошондой эле агроөнүмдү кайра иштетүү, тамак-аш өнөр жайы, ветеринария, билим берүү жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү жаатында өнөктөштүктү күчөтүүнү көздөөдө.

Ермек Кенжеханулы, айыл чарба вице-министри:

Биз Казакстандын айыл чарба өнүмдөрүн Казакстандын аймагында терең кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү жана андан кийин Латвия Республикасы аркылуу, аталган өлкөнүн портторун колдонуу менен Европа мамлекеттерине жана башка өлкөлөргө экспорттоону сунуштадык. Азыр алардын жообун күтүп жатабыз. Эгерде демилге колдоого алынса, биз биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз. 

Латвия Казакстандын өсүмдүк өстүрүү өнүмдөрүн Балтика аймагы аркылуу ташууга мүмкүнчүлүк берет. Казакстан өткөн жылдан бери Латвиянын порттору аркылуу дан транзитин көбөйттү, жалпысынан алар аркылуу ташуунун көлөмү 750 миң тоннаны түздү. Өз кезегинде, Латвиялык ишкерлер үчүн өлкө аркылуу Борбор Азиянын, Кытайдын жана Жакынкы Чыгыштын рынокторуна чыгууга мүмкүнчүлүк ачылууда. 

Янис Ирбе, Латвия Республикасынын климат жана энергетика министрлигинин парламенттик катчысы:

Биздин делегацияда Латвиянын бардык порттору көрсөтүлгөн. Бизде логистика тармагы кеңири көрсөтүлгөн жана көптөгөн жаңы байланыштар гана эмес, биринчи кезекте ишкерлер болот деп ишенебиз, ошондой эле кызматташуу боюнча реалдуу келишимдер түзүлөт деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков