Сенаторлор Улуттук фонддун инвестициялык кирешесинин жарымын балдарга которууга байланыштуу мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, Жогорку палата документти 10 түзөтүү менен Мажилиске кайтаруу чечимин кабыл алды. Эске сала кетсек, мыйзамдын негизги максаты балдарга өздөрүнүн атайын эсебине которула турган каражат аркылуу мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү болуп саналат. Чогулган каражат турак жай шарттарын жакшыртууга же аманат аркылуу билим алууга жумшалат.
Маулен Ашимбаев,
Парламент Сенатынын төрагасы:
-Улуттук кирешени
адилеттүү болүштүрүүгө багытталган бул демилге адилеттүү Казакстанды курууга
багытталган конкреттүү кадамдардын бири болуп саналат. Сенат киргизген
түзөтүүлөр документтин айрым жоболорун андан ары өркүндөтүүнү көздөйт. Келечекте
бул мыйзам өсүп келе жаткан муунду колдоо багытында жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол
ачат деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков