Казакстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы артат

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Алардын алдында республикабызга мамлекеттик визит менен келген Шавкат Мирзиёевди Акордада тосуп алуу аземи болгон. Президенттер бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырып, андан кийин Ардактуу кароолдун ротасынын башчысы мамлекет башчыларына саламдашуу рапортун берип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Өзбекстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жылуу учурашып жатып, анын визити өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты жана союздаштыкты өнүктүрүүгө дем берүү үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ал эми кол коюлган документтер өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын да аныктайт. Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев жолугушуу эки республиканын мамилесин жаңы деңгээлге чыгарарын баса белгиледи. Президенттер бардык багыттар боюнча казак-өзбек кызматташтыгынын ырааттуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти.

Которогон: Илгиз Жамалбеков