Казакстандын ИДӨ 4,5 %га өстү

Казакстандын ИДӨ 4,5 %га өстү

Тактап айтканда, анын көлөмү акыркы 5 айда 4,5%ды түзгөн. Бул мезгилде курулуш, соода, байланыш жана маалымат тармактарында да көрсөткүч бир кыйла өстү. Өкмөттүн жыйынында үчтүн айы-бугу  айларындагы өлкөнүн экономикасынын өнүгүү темпи жыйынтыкталды. Улуттук экономика министринин айтымында, жыл башынан бери республиканын негизги капиталына инвестиция салуу 17%га өстү. Ошону менен бирге транспортко жана кампаларга каражаттарды багыттоо 50 пайыздан ашык, АЭС 30 пайызга, өнөр жай тармагы 16 пайызга өскөн. Курулуш тармагынын натыйжалары да канааттандырарлык. Жыл башынан бери 5,5 миллион чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15 пайызга жогору.

Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:

- Аймактар ​​арасында эң жогорку өсүш Түркестан, Маңгыстау, Кызылорда жана Костанай облустарында байкалды. Айыл чарбасынын жалпы өнүмү 3,5 пайызга өстү. Өнөр жайда өндүрүштүн оң өсүшү 16 региондо катталды. Эң жогорку өсүштү Маңгыстау, Чыгыш Казакстан, Акмола жана Павлодар облустары көрсөттү. 7 экономикалык көрсөткүч боюнча региондор арасындагы жалпы абал төмөнкүдөй: Бардык көрсөткүчтөр боюнча оң өсүш 8 облуста – Абай, Акмола, Батыш Казакстан, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Улытау облустарында, ошондой эле Алматы шаарында байкалды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков