Кытайлык инвесторлор Казакстанды тандоодо

Кытайлык инвесторлор Казакстанды тандоодо

Мында ишкерлерге бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жеңилдиктер каралууда. Маселен, Шымкентте “Түштүк” аймагына каражат салган инвесторлордун саны арткан. Алардын бири кытайлык ишкер Шен Фа Тонг. Инвестордун бул жерде марганец заводун ачууга салыктын төмөн баасы, инфраструктура даяр жана коммуналдык кызматтарга баалар ыңгайлуулугу түрткү болгон. Долбоордун баасы болжол менен 8 миллион долларды түзөт. 

Шен Фа Тонг, инвестор/Кытай/:

- Мен бизнес жүргүзүү үчүн көп мамлекеттерди кыдырдым. Казакстандын бардык мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыктым, Шымкент мени кызыктырды. Мында баары бар. Бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу, ошондуктан тандоо ушул аймакка түштү. Бул жерде жергиликтүү тургундардын 70 пайызы иштейт.

Кошумчалай кетсек, Шымкентте дагы бир жаңы өнөр жай аймагы чет элдик инвесторлор үчүн хабка айланышы мүмкүн. Бул жерде ишкерлер корпоративдик, киреше, мүлк жана жер салыктарынан бошотулат. Өндүрүштүк аймакта  керамо гранит заводунун курулушу башталды. Ага КЭРнын инвесторлору тарабынан 18 миллион долларга жакын каражат жумшалды. Белгилей кетсек, өнөр жай аймактарынан чет элдик ишкерлер гана пайда көрүшпөйт. Адистердин айтымында, аймактарда жаңы жумуш орундары түзүлүп, экономиканын реалдуу секторунун өнүгүшүнө салым кошулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков