Казакстан менен Өзбекстан уникалдуу саякат туризмин ишке кошту

Казакстан менен Өзбекстан уникалдуу саякат туризмин ишке кошту

Эки өлкө тең атайын жол картасын кабыл алышкан. Бул эки тарапка тең пайдалуу дешет адистер. Эми түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болгон Түркестанга токтогон саякатчы Самаркандга кайрылып, андан ары Бухарага барат. Казакстан бардык түрк жана мусулман өлкөлөрүнөн келген меймандарга уникалдуу саякат туризмин сунуштап жатат. Бир гана Түркестан эмес, Шымкенттин да ыйык жерлери атайын картага киргизилген. Быйылкы жылдан баштап байыркы Яссы шаарына күн сайын 100 өзбекстандык саякаттоого тийиш. Алар көбүнчө Кожа Ахмет Ясавинин күмбөзүнө таазим кылышат. Тараптар «Түркестан-Ташкент» жаңы автобус каттамын ишке киргизүүнү көздөшүүдө. Жол картасына буга кошумча өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар ыйык аймактар ​​ кошулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков