Казакстандын жаш окумуштуулары атмосферанын жогорку катмарына наноспутник учурушту. Долбоордун өзгөчөлүгү: наноспутникти түзгөн топ, кыздардан түзүлгөн. Алар UniSat билим берүү долбоорунун алкагында онлайн курстарда чакан космостук аппаратты түзүүнүн маанилүү этаптарын үйрөнүштү.
Амирхан Темирбаев, инженеринг жана жогорку технологиялар кластеринин башкы мүдүрү:
- Жалпысынан 50 катышуучу чакырылган. Алардын 25и Алматы шаарынан, 25и Түркестан облусунан болду. Улуттук университеттин базасында наноспутниктерди чогултуу жана изилдөө, аларды атмосферанын жогорку катмарына учуруу боюнча оффлайн марафондон өттү. Учурулгандан кийин катышуучулар эртеси күнү бардык маалыматтарды иштеп чыгып, презентация түрүндө коргоп, сертификатка ээ болушту.
Алматылык Бибихан Асанова наноспутникти түзүүгө катышкандардын бири. Долбоорго катышуу ал үчүн баа жеткис тажрыйба болгонун айтты. Эми ал UniSat программасында адис катары иштеп калгысы келет.
Бибихан Асанова, долбоордун катышуучусу:
- Баарын өз колубуз менен жасаганыбыз абдан жагат. Ар бир чогултулган сенсорго анын өндүрүүчүсү тарабынан кол коюлган. Биз өзүбүздүн эсептерди жасайбыз. Бул өтө кызыктуу.
Чогултулган наноспутник Түркестан шаарында асманга учурулду. Эксперименттин максаты – абадагы зыяндуу микробөлүкчөлөрдүн санын өлчөө. Белгилей кетсек, UniSat долбоору мындан эки жыл мурун ишке кирген. Ага азыр да кошуна үч өлкөнүн кыздары катышууда. Бирок, долбоордун негизги максаты – космоско чыныгы толук кандуу наноспутникти учуруу. Ал эми аны эң таланттуу инженер-кыздардын командасы жасайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков