Түркестанда мамлекет башчысынын катышуусу менен жалпы улуттук курултай өтүүдө

Түркестанда мамлекет башчысынын катышуусу менен жалпы улуттук курултай өтүүдө

Жыйынга Сенат менен Мажилистин депутаттары, Казакстан Эл ассамблеясынын мүчөлөрү, жарандык коомдун жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышууда. Жалпы талкууга жүздөн ашык сунуштар жөнөтүлдү. Кечээки жумушчу жыйындарда билим берүү, илим, спорт, улуттук идеология, баалуулуктар жана тарыхты жайылтуу маселелери талкууланды. Адистердин айтымында, диалог жана талкуу аянтчасынын өзгөчөлүгү ар түрдүү кесиптеги адамдарды, ар кандай курактагы жарандарды, бир катар ишенимдеги адамдарды бириктиргендигинде. Курултайдын миссиясы – бардык казакстандыктар үчүн жалпы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө. Эске сала кетсек, Улуттук Курултайдын алгачкы жыйыны былтыр кулжа айынын 16да ыйык Улытау аймагында өткөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков