Үстүбүздөгү
жылдын 9 айында Алматы шаарынын негизги капиталына 1 трлн 133 млрд теңге
инвестиция тартылды.
Бул тууралуу президентке шаар акими билдирди. Ерболат Досаевдин айтымында, ишкердик
субъекттеринин саны кыйла өсүп, 360 миңден ашты. Натыйжада Алматынын
регионалдык дүң өнүмүндө
чакан жана орто ишкердиктин үлүшү 60 пайызга чейин өсөт. Ошондой эле, шаардын сапаттуу
өнүгүүсүн камсыздоого багытталган шаар куруу регламенти, курулуш эрежелери жана
турак жайды реновациялоо программасынын жаңы долбоору иштелип чыкты. Акимдин
айтымында, инженердик инфраструктураны жаңылоо артыкчылыктуу багыттардын бири
болуп саналат. Отчеттук мезгилде 219 чакырым суу менен камсыздоо жана суу тартуу линиялары салынды. Касым-Жомарт
Токаев шаарды өнүктүрүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков