Казакстанда
туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багытында иштер жүргүзүлүп жатат. Маселен,
Имантау-Шалкар курорттук зонасында автомагистральдар салынып, ал эми Жасыбай
көлүнө баруучу жол оңдолуп, Абай районундагы Алакөл көлүнүн жана Балкаш
шаарындагы Бертис булуңунун жээги жакшыртыла баштады. Бүгүнкү күндө өлкөдө 83
инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда.
Акмарал
Меңилбек, маданият жана спорт министрлиги комитети башкармасынын серепчиси:
Жүргүзүлүп
жаткан иштер өлкөнүн инвестициялык тартымдуулугун жогорулатууга жана туристтик
инфраструктураны жакшыртууга багытталган. Калктуу конуштардан тышкаркы
аймактарда жана улуттук парктардын аймагында инфраструктураны
өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрүн чечүү максатында акимчиликтерге тиешелүү
компетенцияларды берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жылы эле өлкөдө 28 инфраструктуралык долбоор ишке ашырылган. Алардын арасында Балкаш курорттук зонасында инженердик коммуникацияларды куруу жана Актау шаарына баруучу автожолду куруу абдан маанилүү.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков