Жамбыл облусунда жаңы жашыл долбоорлор ишке киргизилет

Жамбыл облусунда жаңы жашыл долбоорлор ишке киргизилет

Аймакта шамал жана күн электр станциялары ишке киргизилет. Биринчи этапта акыркысынын кубаттуулугу 100 МВтка жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда ишке ашырыла турган жаңы долбоорлордун арасында Түркия менен күн батареяларын даярдоочу өндүрүш борборун ачуу долбоору да бар. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Жамбыл облусу республикада кайра жанма энергия булактарын өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турат. Облуста жалпы кубаттуулугу 451 МВттан ашкан мындай 21 объект бар. Алардын ичинен жалпы кубаттуулугу 25 МВтка жакын болгон 6 ГЭС, жалпы кубаттуулугу 176 МВт болгон 9 шамал электр станциясы, 251 МВттан ашык 6 күн электр станциясы ийгиликтүү иштеп жатат. Бул объекттер өлкөнүн альтернативдүү энергия булагынын 20%га жакынын өндүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков