Анын суммасы 47 миллиард долларды түздү. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөдөн 65 миллион тоннадан ашык кара алтын экспорттолгон. Тизмеге Европа гана эмес, Азия өлкөлөрү да кирген. Мунайдын басымдуу бөлүгү Италия менен Нидерландыга жөнөтүлгөн. Ошондой эле негизги сатып алуучулар Түштүк Корея, Кытай, Түркия, Франция, Румыния, Сингапур жана Испания. Чийки затты Индия, Греция, Швейцария жана Израиль сатып алышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков