Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынан өткөн энергетикалык ресурстарга көзөмөл күчөтүлөт. Бул негизинен түтүк жана электр линиялары аркылуу ташууларга тиешелүү болот. Мажилисчилер бул максатты көздөгөн келишимди кабыл алды. Тиешелүү документке 2021-жылы борбор калаада кол коюлган. Эми бул ишке эки өлкөнүн серепчилери биргеликте киришет. Башкача айтканда, тараптардын бажы органдарынын балансындагы эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрү ай сайын текшерилип, бажы талаптарынын сакталышы эске алынат. Максаты - көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Ерулан Жамаубаев, Казакстан Республикасынын каржы
министри:
-Мындан тышкары, макулдашууда энергетикалык ресурстарды
бажылык декларациялоо жана бажылык көзөмөлдөө маселелери боюнча тажрыйба
алмашуу, аныкталган фактылар жана мамлекеттердин бажы иши чөйрөсүндөгү улуттук
мыйзам бузуу фактылары менен аларды
аныктоо ыкмалары жана жолун бөгөттөө тууралуу маалымат алмашуу каралган. Бул
келишимди ратификациялоо өлкө үчүн терс социалдык, экономикалык, укуктук
кесепеттерге алып келбейт жана республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды
бөлүүнү талап кылбайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков