Кыргызстандын Сары - Тоо тоолору туристтерди тартуучу борборго айланды

Кыргызстандын Сары - Тоо тоолору туристтерди тартуучу борборго айланды

Кыргызстанда асан-үсөн түстүү Сары-Тоо тоолору популярдуулукка ээ болууда. Алардын кооз көрүнүштөрү жана кызыл, сарыдан жашыл жана көккө чейинки ачык түстөрү, ошондой эле археологиялык табылгалар дүйнө жүзүнөн туристтерди жана окумуштууларды кызыктырууда. Адаттан тыш түстөр чөкмө, метаморфикалык жана жанар тоо тектеринин натыйжасы. Геологдор бул жерлерди ачык асман алдындагы музей деп аташат. Бул Борбордук Азиядагы эң байыркы формациялардын бири, анын жашы 240 миллион жылдан ашат.


Лада Хасанова, Улуу Жибек Жолунун маданий мурас коридорлорунун гиди:


- Бул жер бетиндеги сейрек кездешүүчү жерлердин бири, биз бир жерден жылбай туруп, бир эле чекиттен жердин бүткүл геологиялык тарыхын байкай алабыз. Бул жерде эмнени көрүп турабыз? Бул жерде кооз, бийик эмес, ар кандай түстөгү аскаларды көрүп турабыз. Бул байыркы палеонтологиялык фергана деңизинин түбү.


Сары-Тоо тоолору Мадыген геопаркынын курамына кирет. Акыркысы сегиз миң гектардан ашык аймакты ээлейт. Расмий түрдө жаратылыш эстелиги деп таанылган. Бул жерде эл аралык экспедициялар өткөрүлүп, кызыктуу экомаршруттар түзүлүүдө. Көзөмөл аянтчалары пайда болуп, туристтер үчүн инфраструктура өнүгүүдө.


Ханс Шульц, Жаңы Зеландиядан келген турист:


- Абдан кооз. Мага бул жер абдан жагат. Бул жерде чынында эле баары бар. Тоолор бар, бир аз токой бар, айыл чарбасы көп, геологиялык көрүнүштөр бар, абдан кооз, өткөн менен байланышты көрүүгө болот.


Кыргызстандын Баткен облусунун айрым тоолорунда кызыктуу табылгалар кездешет. Мисалы, миллион жылдан ашык жашаган деңиз моллюскаларынын кабыктары. Геологдордун пикиринде, суунун деңгээли же температура кескин өзгөргөндөн кийин алар массалык түрдө кырылып, алардын кабыкчалары чөгүп, келечектеги тоолордун калың катмарын пайда кылган. Сөз арасында, Мадыген ЮНЕСКОнун Глобалдык геопарктар тармагына кирүүгө арыз берүүгө даярдалып жатат. Бул макам Кыргызстанга дүйнөлүк географиялык мурастар картасына расмий түрдө кирүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Назира Бегалиева