Премьер-министр менен кытайлык CAMCE компаниясынын жетекчиси Алатаудагы инвестициялык долбоорлордун келечегин талкуулашты. Сүйлөшүүлөр мамлекет башчынын өлкө экономикасына капиталдык салымдарды тартуу боюнча ишти күчөтүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында өттү. Компаниянын президенти Ли Хайсинь шаардын транспорттук-логистикалык жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында инвестициялык кызматташуунун келечеги боюнча бир катар сунуштарды айтты. «Орто коридорду» өнүктүрүүдө кызматташууга көңүл бурулду. Өз кезегинде Олжас Бектенов белгилегендей, акыркы алты жылда Казакстанга тартылган түз чет элдик инвестициянын көлөмү 130 миллиард долларга жакындады. Ошол эле учурда товардык эмес секторго тартылган инвестиция 73 миллиард долларды түздү. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга компаниянын инвестициялык сунушун деталдуу иштеп чыгуу тапшырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

