Казакстанда MICE-туризм тез өнүгүп жатат. Адистердин айтымында, ишкердик туризмди гана эмес, бизнес жолугушууларды өткөрүү тармагын да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп. Өлкө дүйнө жүзүндөгү ишкерлерди социалдык-экономикалык жана саясий абалдын туруктуулугу, өзүнүн инвестициялык климаты менен кызыктырат. Андыктан, каражатын салуу максатында да, эл аралык ири саммитке катышууга да келгендердин катары калың. Атайын форумдар көбүнчө Алматы менен Астанада өтүп турат. Деген менен өлкөдө мындай иш-чаралардын саны бир топ көбөйдү. Маселен, Казакстанда 600 делегаттын катышуусунда топурак механикасы жана геотехника боюнча 17-Азия аймактык конференциясы өттү. Ал эми жогорку билимдин кол жетимдүүлүгүн арттыруу боюнча эл аралык конференция 200дөн ашуун адамды чогултту. Спидкубинг боюнча Азия чемпионатында болсо 100 интеллектуал-спортчу күч сынашты. Бул бир гана бөлүгү. Алдыдагы убакытта бир катар MICE иш-чараларын өткөрүү мерчемделүүдө. Алардын арасында студенттердин чемпионаты - Enactus World Cup бар. Жакынкы келечекте Казакстан Кубик Рубикти тез чогултуу боюнча дүйнөлүк чемпионат менен робототехникадан дүйнөлүк олимпиаданы өткөрүүгө ниеттенүүдө.
Альбина, Ержанова, ENACTUS KAZAKHSTAN президенти:
- Enactus World Cup – бул студент-ишкерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионат. Анда өз өлкөсүндө мыкты аталган катышуучулар өздөрүнүн бизнес долбоорлорун тааныштырат. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына шайкеш келиши керек. Биздин жаштар үчүн бул эл аралык долбоорлордун деңгээлине көз салып, шыктанууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканы жашыруун эмес. Жаш ишкерлерге өлкөбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн ачып берип, жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө жол ачабыз деп ойлойм. Анын үстүнө туризм тармагын да олуттуу түрдө өнүктүрөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков