Кулжа айында экспорттон түшкөн кирешелер эки жарым жыл ичиндеги эң жогорку чекке жетти. Улуттук статистикалык бюросунун маалыматы боюнча, Казакстан бир айда 5,6 миллиард долларлык товар саткан. Бул бугу айына салыштырмалуу 12 пайызга жогору. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өлкөдөн жалпы суммасы 27 миллиард долларлык товар экспорттолгон. Кошумчалай кетсек, алты айда 18,3 миллиард долларлык өнүм импорттолгон. Анын басымдуу бөлүгү транспорт каражаттары, чекене товарлар жана жабдуулар. Мындан тышкары, өндүрүшкө керектүү химиялык заттар жана азык-түлүк товарлары көбүрөөк алып келинген. Жыйынтыгында соода балансынын профицити 8 700 миллион долларды түздү. Серепчилер экспорттун да, импорттун да өсүшү дүйнөлүк рыноктордун жандануусуна жана чийки затка болгон суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу болгонун айтышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков