Казакстандын санариптик чечимдери дүйнөлүк деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү. Өткөн жылы гана атамекендик IT-кызматтардын экспорту 529 миллион долларды түздү. Быйылкы жылы анын көлөмү алты айда 300 миллион АКШ долларынан ашты. 2026-жылга карата бул көрсөткүчтү 1 миллиард долларга жеткирүү мерчемделген. Бүгүнкү күндө санариптик өнүмдөр дүйнөнүн 86 өлкөсүнө экспорттолот. Бул жаатта эл аралык кызматташтыктын чөйрөсү кеңейип келүүдө. Өлкөдө жергиликтүү стартаптарга Кремний өрөөнүнүн алдыңкы серепчилери жана инвесторлоруна жетүүгө мүмкүндүк берген акселерация программалары ишке киргизилди. Казакстандын үч эл аралык IT-хабы АКШда, Сауд Арабиясында жана Сингапурда ийгиликтүү иштеп жатат.
Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министри:
- Казакстан венчурдук келишимдердин көлөмү боюнча региондун лидери болуп саналат. Өткөн жылы эле венчурдук келишимдердин суммасы 80 миллион АКШ долларына жеткен. Citix, Hero's Journey, Higgsfield AI жана башка да компаниялар олуттуу инвестиция салышты. Бул компаниялардын айрымдары 100 миллион долларлык баалоого да жетишти. Мындай жетишкендиктер Казакстан региондогу инновациянын негизги борборуна айланганын тастыктайт.
Өлкөгө дүйнөнүн булуң-бурчунан таланттуу адистерди тартуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Буга байланыштуу келерки айда Digital Nomad Residence программасы ишке кирет. Ал онлайн режимде жашоого уруксат алуу жараянын жеңилдетет. Эске сала кетсек, буга чейин IT-адистери үчүн атайын виза – Digital Nomad Visa иштей баштаган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

