2022-жылы ал 31 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Казакстандын Кытайдагы элчилиги билдирди. Товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн жогорку динамикасына негизинен Кытай Эл Республикасына айыл чарба өнүмдөрүн, чийки энергетикалык өнүмдөрдү жана химиялык товарларды экспорттоонун көбөйүшүнүн эсебинен жетишилди. Серепчилердин пикиринде, мындан кийин да оң динамика сактала турган болсо 2030-жылга чейин, сооданы 35 миллиард долларга жеткирүү боюнча эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлиндеги макулдашуу пландаштырылгандан алда канча эрте ишке ашырылышы мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков