Казакстан менен Кытайдын ортосунда жаңы темир жол багыты ишке кошулду. Поезддер «Цзюцзян – Коргос – Алтынкөл» каттамы боюнча жүрөт. Кытай Эл Республикасынан бүгүнкү күндө алгачкы поезд келди. Ал Казакстанга текстиль, кийим-кече, эмерек жана башка өнүмдөрдүкошкондо 15 миллион долларга жакын 1200 тонна жүктү жеткирген. Бул товар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.
Ху Бинь, транспорттук компаниянын менежери:
- Буга чейин товарлар Европага деңиз аркылуу, Борбордук Азияга темир жол жана автоунаа транспорту менен жеткирилчү. Эми жүктөн тартып түшүргөнгө чейин 10 күн талап кылынат. Жаңы темир жол каттамы убакыт менен каражатты кыйла кыскартты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков