Ошондой эле, соодалаштыруу жана экспортту
илгерилетүү жаатында ата мекендик иштеп чыгуучуларга колдоо көрсөтүлөт. Сынактын
шарттары Улуттук ишкерлер палатасында талкууланды. Ошентип, ага кеминде
4 жана 6 адамдан ашпаган долбоордук командалар катыша алат. Шарт боюнча
долбоор үч жылдын ичинде бүткөрүлүп, сатыкка чыгышы керек. Бизнес-өнөктөштү
биргелешип каржылоо гранттын суммасынан 20%га кем эмес болууга тийиш. Долбоорлорду колдонуу чөйрөлөрү масштабдуу –
алар саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптештирүү, геологиялык чалгындоо,
энергетикалык комплексти модернизациялоо, кайра иштетүү өнөр жайы,
мунай-химиялык өнөр жай, химиялык өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, металл
иштетүү, туризм жана башка көптөгөн нерселер болушу
мүмкүн. Мыкты иштеп чыгуулар коммерциялаштыруу боюнча атайын түзүлгөн улуттук
илимий кеңеш тарабынан тандалат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков