Казакстан менен Кытай ортосунда жаңы темир жол салынат

Казакстан менен Кытай ортосунда жаңы темир жол салынат

Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, ачылышы пландалган үчүнчү темир жол станциясында Бахти-Аягөз жаңы линиясы салынат. Долбоорду 2024-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Кийинчерээк темир жол линиясы иштеп жаткан Семей – Актогай участогуна, ошондой эле Кытай – Европа – Кытай транзиттик коридоруна кошулат. Мунун аркасында Кытай Эл Республикасы менен өлкөнүн ортосундагы инфраструктуралык дараметти жылына 20 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кошумчалай кетсек, темир жолдун жылдык жүк өткөрүмдүүлүгү 7,8 миллион тоннаны түзөт. Белгилей кетсек, аталган темир жол линиясы Түндүк-Түштүк коридоруна кошула турганын облустук акимчилик билдирди.  Өткөрүү пунктунун айланасында кургак порт жана логистикалык парк курулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков