Astana Finance Days алкагында серепчилер Казакстанда санариптик активдерди жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдиктерин талкуулашты. Жыйынга катышуучулар криптовалюта рыногундагы негизги оюнчулар тармакты кантип башкара алаары тууралуу пикир алмашышты. AЭКБ адистеринин айтымында, бул Казакстан үчүн жаңы рынок. Ошондуктан бул жаатта атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн бир катар жөнгө салуу чараларын көрүү зарыл. Анын ичинде алдамчылык менен күрөшүүгө басым жасаган оң дешет адистер. Мындан тышкары, өлкөдөгү мамлекеттик органдардын ишин борборлоштуруу зарыл. Серепчилер инвесторлорду коргоо, инновациялык демилгелерди колдоо жана санариптик активдердин туруксуздугун эффективдүү башкаруу сыяктуу маселелер боюнча ойлорун ортого салышты.
Ягуб Заманов, АЭКБ комитетинин каржылык технологиялар мүдүрү:
- Бүгүн санариптик активдерди башкаруунун жаңы ыкмалары жана аларга жетүү жолдору талкууланды. Рынокту кантип коопсуз кыла алабыз? Бул багыт Казакстанда жакшы өнүгүүдө. Көптөгөн майнингдик ишканалар бар. Казакстандын ири кенчилер арасында экинчи орунга чыгышына майнингдик компаниялардын таасири чоң болду. Мындан тышкары, санариптик активдер салттуу каржы инструменттерине салыштырмалуу эсептешүүнүн жеңилдигин камсыз кылат. Мунун баары рынокту тартымдуу кылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков