Казакстан 345 миллион евро насыя алат

Казакстан 345 миллион евро насыя алат

Эл аралык реконструкция банкы Казакстанга 345 миллион евро насыя берет. Насыя толугу менен бюджеттин тартыштыгын каржылоого багытталат. Бүгүн, парламент мажилисинин жалпы жыйынында Казакстан Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы карызды макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору жактырылды. Парламентте баяндама жасаган каржы министри Ерулан Жамаубаевдин айтымында, каражаттар жалпы бюджеттик чыгашаларды, анын ичинде республикалык бюджетте каралган социалдык жана башка артыкчылыктуу максаттарга багытталган каражаттарды колдоого мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге министр насыя берүү шарттары оптималдуу экенин белгиледи. Насыя 11 жылдан ашык убакытка берилет. Ал эми үстөк пайызы 2,5%дан ашпайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков