АӨБ Казакстандын 2023-жылдын ИДӨ өсүшүнө байланыштуу болжолун жакшыртты

АӨБ Казакстандын 2023-жылдын ИДӨ өсүшүнө байланыштуу болжолун жакшыртты

Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын экономикалык өсүшүнө байланыштуу божомолун жакшыртты. Ага ылайык, өлкөнүн быйылкы ИДӨ аяк оона айындагы эсеп боюнча 4% эмес, 4,5% өсөт. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 4,3% түзөт. Эл аралык каржы институту Казакстан, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн экономикалык тобокелдиктердин арасында АКШ жана башка да өнүккөн өлкөлөрдөгү жогорку пайыздык чендерди белгиледи. Бул өнүгүп келе жаткан рыноктордон инвесторлорду тартып, алардын улуттук валюталарына кысым жасайт. Геосаясий шарттардан улам дүйнөдөгү туруктуу жеткирүү чынжырчасы бузулууда. Эске сала кетсек, тогуздун айында Эл аралык валюта фонду Казакстандын экономикасы 4,6% өсөт деп болжолдогон.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков