Казакстан менен КЭРнын инвестициялык кызматташтыгы кеңейди

Казакстан менен КЭРнын инвестициялык кызматташтыгы кеңейди

Эки тарап экономиканын агробизнес, кайра жанма энергия булактары, тоо-кен өнөр жайы жана унаа жасоо сыяктуу келечектүү тармактарында ишкердик мамилелерди кеңейтүүдө. Бул тууралуу Kazakh Invest билдирди. Учурда өлкөдө кытайлык капиталдын катышуусу менен бир жарым миңден ашык ишкана бар. Эки өлкөнүн аймактарынын өз ара аракеттенүүсүнүн аркасында мамлекеттер ортосундагы кызматташтык тереңдеп баратат. Айыл чарба, туризм, өнөр жай, био жана санариптик экономика, кайра жанма энергия тармактарында кызматташууну тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков