Казакстан 10 миллион тонна буудайды экспорттой алат. Буга быйылкы жылы кампага куюлган дандын рекорддук көлөмү себеп. Башкача айтканда, өлкөнүн тышкы суроо-талабын канааттандыруу дарамети жогорулайт. Бирок бул максатты толук ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык база жетиштүү эмес. Жеткирүүчү транспорттук каражаттар жетишсиз, адистер тартыш. Бул бир гана тарапка тиешелүү маселе эмес. Борбор Азия рыногунун негизги оюнчулары агроөнөр жай комплексинин ушул жана башка маселелерин чечүү үчүн борбор калаага чогулушту. Аймактын негизги экспорттоочулары, кайра иштетүүчүлөрү, инвесторлору жана серепчилери жалпы кызыкчылыктын алкагында аймактагы дан жана май өсүмдүктөрүнүн рыногун бириктирүү, өз ара товар алмашуунун натыйжалуу жолдорун табуу боюнча талкууларды жүргүзүүдө. Жыйынга аймактын айыл чарба өнүмдөрүнө кызыккан 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жатат.
Зейнолла Абдуманапов, «Kazgrain» Улуттук экспорттоочулар бирикмесинин төрагасы: /Казакстан/
Биздин негизги экспорттук базарыбыз Борбор Азия өлкөлөрү. Алардын ичинен Өзбекстанга үч миллион тоннага жакын, Тажикстанга 1 миллиондон ашуун тонна буудай жөнөтөбүз. Ооганстанга дагы 500-600 миң тонна чийки буудай экспорттойбуз. Мындан тышкары, Иранга, Кытайга да жөнөтүү күтүлүүдө.
Алишер Махмудов, Орто Азия соода үйүнүн башкы мүдүрү: /Өзбекстан/
Ар бир өзбек үйүндө тандыр наны Казакстандын унунан жасалат. Казакстандын өнүмү жарнаманы талап кылбайт. Анын сапаттуу экенин Өзбекстандын кардарлары жакшы билишет. Бул жерде табигый өнүмдөрдү чыгарган жергиликтүү кесиптештерибиз бар. Азыркы учурда май өсүмдүктөрүнө, өсүмдүк майына жана буудайга эч кандай чектөө жок. Ошондуктан азыр өзбек тарап аталган айыл чарба өнүмдөрүн сатып алуунун жаңы жолдорун карап жатат. Ага ылайык чоң делегация менен келдик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков