Казакстан менен Израил түз аба каттамдарын ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Маданият жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Республиканын туристтик жана транзиттик дараметин өнүктүрүүгө, ошондой эле өз ара маданий иш-чараларга, соода-экономикалык кызматташтыкка өбөлгө болоорун белгиледи. Эми Израилдин жарандары үчүн Казакстанга визасыз кирүүгө уруксат берилди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн 11 аэропортунда ачык асман режими киргизилип, 28 мамлекет менен 102 эл аралык аба каттамдары калыбына келтирилди.