Үстүбүздөгү жылдын башынан бери өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 12,2%га өстү. Өлкөлөр айыл чарба, атомдук өнөр жай, билим берүү, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү жана банк секторунда кызматташат. Транспорттук машина куруу, курулуш материалдарын, дары-дармектерди, тамак-аш продуктыларын чыгаруу боюнча биргелешкен өндүрүштөр ийгиликтүү иштеп жатат. Энергетика жана космос тармагындагы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, инфраструктураны өнүктүрүү, «Акылдуу шаар» долбоорлорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштер жүрүүдө. Тараптар ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, транспорттук инфраструктура тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.
Айгуль Куспан, Парламенттин Мажилисинин депутаты, Казакстандын Бельгия Королдугундагы мурдагы элчиси:
Жаңы каттам Каспий деңизи аркылуу Актау жана Курык портторунан Бакуга, андан ары Түркия жана Европа өлкөлөрүнө өтүүчү коридор болуп саналат. Биздин портторду жабдуу жана модернизациялоо жана жетиштүү сандагы паромдор менен камсыз кылуу үчүн бул жерге абдан чоң инвестиция талап кылынат. Азербайжан мындай жүктөрдү кабыл алууга даяр экенин билем жана француз жана башка өнөктөштөрүбүз менен бирге биз бул каттамдарды тез арада түзө алабыз деп ойлойм.
Франциядан Казакстандын экономикасына келген түз инвестициянын көлөмүнө келсек, акыркы 15 жылда ал 17 миллиард долларды түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков