Мындай макулдашуу Борбор калаада өткөн эки тараптуу бизнес форумунда жетишилди. Атап айтканда, тараптар Чыгыш Казакстанда сейрек металлдарды биргелешип чалгындоо, өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча макулдашышты. Долбоордун баасы 200 миллион долларга бааланган. Мындан тышкары, казакстандык жана германиялык ишканалар өлкөдө көп функциялуу инновациялык индустриалдык паркты куруу, техника жана айыл чарба унааларын чыгаруу, транспорт жана транспорт-логистика, текстиль өнөр жайы жана балык чарбасы, «жашыл энергетика» тармагында кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүгө кызыкдар. Белгилей кетсек, Маңгыстау облусунда «жашыл суутек» өндүргөн заводдун курулушунун алкагында талдап бургулоо иштери башталды. Казакстандын өнүктүрүү банкы дагы немис кесиптештери менен кызматташууну орнотту. Жакында өнөктөштүктүн алкагында ата мекендик жана германиялык каржы институттары өлкөдөгү экспорттук насыялык агенттиктердин инвестициялык долбоорлорун каржылай баштайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков