Мамлекет
дыйкандардан 350 миң тонна эгин сатып алат. Мындай жол менен өкмөт былтыркы
кургакчылыктан жапа чеккен айыл чарба өнүмүн өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт.
Бул тууралуу өкмөт башчысынын төрагалыгы алдында өткөн мамлекеттик комиссиянын
жыйынында белгилүү болду. Дан сатып алуу баасын «Азык-түлүк корпорациясы» белгилейт.
Мындан тышкары, дыйкандар карызын айыпсыз төлөп же дандын бир түрүн башкасына
алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул шарттарды аткара албаган ишкерлер
келишимди бир жылга узарта алышат. Өкмөт башчы Алихан Смаиловдун айтымында,
«Азык-түлүк корпорациясынын» сатып алуусу рынокту турукташтырат жана айыл чарба
өндүрүүчүлөрүнө чоң жардам болот. Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчысы мамлекеттик
органдарга ата мекендик дыйкандарга тез арада жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков