Казакстан локомотивдерине КМШда талап көп

Казакстан локомотивдерине КМШда талап көп

Казакстанда куралган локомотивдер жакында Өзбекстан менен Монголияга жеткирилиши мүмкүн. Заводдун экспорттук пландары жөнүндө ишкананын вице-президенти Амангельды Иманалиев айтып берди. Анын айтымында, буга чейин 35 тепловоз Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан жана башка ушул сыяктуу коңшу өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Өнүмгө талап жогору, себеби постсоветтик мейкиндикте сапат жагынан заводго эч аналог жок. Айтмакчы бул ийгилик европалык жабдуунун жана жогорку сапаттагы материалдын арты менен жетишилген.

Амангельды Иманалиев, «Локомотив қурастыру зауыты» АК коммерциялык маселелер боюнча вице-президенти:

- Азыр бир катар олуттуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондуктан биз жакында кубаттуулукту көбөйттүк, келечеги жакшы долбоорлор бар. Жакынкы бир нече жылда бир катар мамлекеттерг экспорт жасалат. Азыркы учурда жарыяланган бир нече тендер тендерге катышып жатабыз жана биздин экспорттун аймагы алыда дагы кеңейет деп ойлойм.

Ушундай бир локомотивди кураштырууга 40 күндөй убакыт кетет. Азыр заводдо жылына 100 тепловоз өндүрүлөт. Бул кубаттуулук жакынкы убакта көбөйтүлөт, - дейт заводдогулар. Алар өз алдына казакстандык локомотивдер паркын толук жаңыртуу деген дымактуу максат коюп жатат. Андыктан бул жакынкы мезгилде ишке ашып калышы мүмкүн.

Амангельды Иманалиев, «Локомотив қурастыру зауыты» АК коммерциялык маселелер боюнча вице-президенти:

- Бизде так ошол жүргүнчү паркын жаңылоо боюнча активдүү фаза жүрүп жатат. Экинчи кварталда биз жүргүнчү унааларын гана өндүрдүк, үчүнчү кварталда дагы биз жалаң жүргүнчү локомотивдерин өндүрөбүз. Эгерде башында жүк ташуу унаалары боюнча маселе курч турса, азыр 50 пайыз жүк, 50 пайыз – жүргүнчү ташуу унаалары өндүрүлүп жатат.

Учурда өндүрүштө 600 ашык завод кызматкери иштейт. Айта кетсек, мында негизги өнүмдөн тышкары аралаш ишканалар үчүн кошумча бөлүктөр да чыгарылат.