Казакстан менен Индиянын ортосундагы мамилелер бекемделет

Астана саммитинде бекитилген ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү стратегиясы мунай, газ, электр энергиясы жана кайра жанма энергия булактары тармагындагы кызматташууга кошумча түрткү берет. Бул багыт Иранды Казакстан менен байланыштырган негизги тармак болуп саналат.  Бул тууралуу ислам өлкөсүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу телеканалга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди.

Али Багери, Иран Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу:

– Биз ШКУнун мунай жана газ маселелери боюнча кабыл алган чечимдерин, ошондой эле эл бул багыттагы аралык аренада көз караштын мааниси зор деп эсептейбиз. Уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери келечектеги кызматташуунун жол картасын аныктаган стратегияга байланыштуу абдан маанилүү жана чечүүчү документке кол коюшту. Казакстан менен Иран түрдүү тармактарда натыйжалуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бир катар жаңы келишимдерге кол коюшту.  Энергетика биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Өзгөчө пайдалуу кендер жана кайра жанма энергия булактары тармагында кызматташуу үчүн кеңири дарамет бар.

Индия Казакстан менен энергетикалык алакасын бекемдөөгө ниеттенүүдө. Өлкөнүн жер астындагы корлору  көмүр суутектерине бай. Андыктан Казакстан аталган өлкө үчүн мунай, газ жана башка энергетикалык пайдалуу кендерди жеткирүүнү камсыз кыла ала турган ишенимдүү өнөктөш.

Субраманьям Джайшанкар, Индиянын тышкы иштер министри:

– Биз Казакстан менен Индиянын ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоону каалайбыз. Сиздердин өлкө энергетикалык жана жаратылыш ресурстарына бай. Маселен, атомдук электр станциясын куруу демилгеси Казакстандын дарамети чоң экенин билдирет. Ошондой эле аталган өлкөдө билим алып жаткан жаштар көп. Эки өлкөнүн ортосундагы туристтердин саны да жыл сайын көбөйүүдө. Мен Казакстандын башка мамлекеттер менен болгон мамилесине суктанам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков