Казакстанда геологиялык чалгындоо иштери жеңилдетилет. Өлкө Мажилиси мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документ көмүр суутектерин чалгындоо жана өндүрүү менен байланышкан долбоорлордун инвестициялык тартымдуулугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле негизги долбоордук документтерди мамлекеттик экспертизадан өткөрүү жол-жоболорун оптималдаштырууга негизделген. Ошону менен бирге республикада кендерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануучулардын каржылык жана акимчилик чыгымдарын кыскартуу эске алынат. Бул документ Парламент депутаттарынын демилгеси менен иштелип чыкты.
Дүйсенбай Турганов, Парламент мажилисинин депутаты:
-Бул мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануу боюнча
операцияларды жөнгө салуу шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Атап айтканда,
алар биринчи конкреттүү геологиялык чалгындоо иштерине тез арада көчүү болуп саналат. Экинчиден,
акимчилик жоболорду эки эсеге, тактап айтканда 120 күндөн 50 күнгө чейин,
үчүнчүдөн бардык экспертизанын мөөнөтүн 8-12 айга чейин кыскартуу менен
инвестициялык кызыгууну жогорулатуу.
Казакстанда жаңы экспорт-насыялык агенттик түзүлөт
Төмөнкү палата ички экспортту өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорун да биринчи окууда жактырды. Документтин алкагында өлкөдө заманбап экспорт-насыялык агенттикти түзүү пландалууда. Ошону менен бирге Венгрия, Орусия, Австралия, Индия сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасы талдоого алынды. Жаңы институт камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу, кепилдик жана экспорттук операцияларды каржылоону ишке ашырат деп күтүлүүдө.
Кайрат Төребаев, соода жана интеграция министринин
милдетин аткаруучу:
-Тагыраак айтканда, башка компаниялардын функциялары менен
кайталанбаган функцияларды кароо сунушталат. Экспорт-насыялык агенттиги ишинин
төмөнкү натыйжалары күтүлүүдө. 2025-жылга карата чийки эмес товарлардын
экспортунун көлөмүн 41 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча
«Казакстандыктардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган туруктуу
экономикалык өсүш» улуттук долбоорунун көрсөткүчүнө жетишүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков