Казакстан БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингинде 10 тепкичке жогорулап, 29-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Ranking.kz порталы билдирди. Белгилей кетсек, бул 2020-жылдагы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы жыйынтык. Индекс үч негизги көрсөткүч боюнча эсептелет: электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, адамдык капитал жана телекоммуникация инфраструктурасы. Тизмеге Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин рейтинги кирген. Жалпысынан, Казакстан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук министрлиги Egov платформасын өнүктүрүүгө бюджеттик каражаттардын олуттуу суммасын бөлгөнүн белгилей кетүү керек. Ошентип, быйыл республикалык казынадан 79 миллиард, ал эми кийинки жылы 62 миллиардга жакын, 2023-жылы 42,5 миллиард теңге бөлүү каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков