Казакстан Кытайга 28 миллион долларга ун, жумуртка кесме, кондитердик азыктарды, өсүмдүк майы жана жем экспорттойт. Жакында ата мекендик компаниялар Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы бизнес миссиясынын жүрүшүндө бир катар тиешелүү келишимдерге кол коюшту. Соода саясатын өнүктүрүү борборунун маалыматы боюнча, бугу айынан бери КЭР Казакстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн арасында алдыңкы орунга чыкты. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соода жүгүртүү 24 миллиард доллардан ашып, эң жогорку тарыхый деңгээлге жетти. Ал эми быйылкы жылдын 7 айында сооданын көлөмү 16 миллиард долларды түздү. Белгилей кетсек, тараптар жакынкы жылдары телекоммуникацияны 40 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Кытай рыногунда Казакстандын өнүмүнө суроо-талап чоң. Тактап айтканда, алар Казакстандан азык-түлүк импорттойт. Ата мекендик өндүрүшчүлөр өнүмдүн дагы 135 түрүн экспорттук реестрге кошууга даяр. Алардын ичинен органикалык айыл чарба өнүмдөрүнүн жана азык-түлүктүн жалпы баасы 1 миллиард доллардан ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков