Казакстан Кытайдан агродрондорду сатып алды

Казакстан Кытайдан агродрондорду сатып алды

Казакстан Кытайдан 53 агродрон сатып алды. Учкучсуз учуучу аппараттар  айдоо аянттарынын зыянкечтерин изилдөө жана өсүмдүктөрдүн ооруларын химиялык жол менен тазалоо үчүн колдонулат. Адистердин айтымында, заманбап жабдуулар ата мекендик дыйкандардын чыгымдарын азайтып, эгиндин түшүмдүүлүгүн жогорулатат. Тармактык министрлик учурда айыл чарбасына дрондорду киргизүү боюнча атайын жол картасы иштелип жатканын билдирди. Белгилей кетсек, өткөн жылы бул жогорку технологиялуу чачуучу аппараттар 2 миң гектар тажрыйбалык аянтында сыналган жана өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген. Өлкөдө аларды башкарган адистерди окутуу жагы да колго алынган. Ошондой эле, агродрондорду сатып алуучуларга алардын наркынын 25% ордун толтуруу үчүн субсидия бөлүү механизми каралган.


Алмат Сүлейменов, айыл чарба министрлиги башкармасынын башчысы:


- Бул дрондор чегирткелерге каршы эгиндерди иштетүүгө жана изилдөө жүргүзүүгө багытталат. Бул өсүмдүктөрдүн зыянкечтерин айырмалоо боюнча ишти жакшыртып, изилдөөлөрдүн географиясын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, алар тоолуу аймактарды жана башка техникалар жете албаган өзгөчө татаал талааларды химиялык жол менен тазалоого жардам берет деген ойдобуз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков