Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Актөбе – Улгайсын» автоунаа жолун
реконструкциялоо иштерин каржылайт. Тиешелүү келишимге өлкөнүн Премьер-министри
Олжас Бектенов менен эл аралык каржы институтунун президенти Одиль
Рено-Бассонун жолугушуусунун алкагында кол коюлду. Долбоор транспорттук
байланышты өнүктүрүү жана өлкө аймагы аркылуу транзиттик агымды камсыз кылуу
үчүн маанилүү деп эсептелет. Ошондой эле тараптар Астана шаарында көмөкчү
электр станциясын куруу долбоорун талкуулашты. Европалык банктын жетекчиси
энергетика тармагында өлкөлүк платформаны биргелешип иштеп чыгууга ниеттенип
жатканын билдирди. Бул платформа тармакка «жашыл» инвестицияларды тартуунун
маанилүү куралы. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы былтыр
Казакстанга багыттаган жылдык инвестиция көлөмүн 3 эседен ашык көбөйттү.
Тараптар түрдүү багытта рекорддук жалпы баасы 935 млн доллар болгон 25
долбоорго кол коюшту.
Хусейн Озхан, Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия жана Монголия боюнча
башкаруучу мүдүрү:
- Биз ар кандай
тармактарда, анын ичинде Улуттук инфраструктуралык планды ишке ашыруунун
натыйжасында оң динамиканы байкап жатабыз. Банк секторунда реформа жүрүп жатат.
Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде долбоорлорду өнүктүрүү дарамети алда
канча жогору экенине ишенебиз.
Шымкент шаарындагы «Химфарм»
заводунда жаңы өндүрүштүк имараттар жана лабораториялык аянттар курулат. Олжас
Бектенов Polpharma Group өкүлү Ежи Старак менен өндүрүштү кеңейтүү долбоорун
карады. Анда эл үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча атамекендик дары-дармектер
өндүрүшү колго алынат. Жылына 2 млрд бирдик дарылык заттарды чыгаруу көздөлүүдө.
Инвестиция көлөмү 62 жарым млрд доллардан ашат. Ежи Старак жаңы өндүрүш
заманбап техника менен жабдыкталаарын жана өнүм фармацевтика өнөр жайы
тармагындагы бардык эл аралык стандарттарга толук ылайык келерин айтты. Олжас
Бектенов инвестициялык долбоорду өз убагында ишке киргизүү үчүн керектүү колдоо
чаралары камсыздалаарын жеткирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

