Жаңы жыл жакындап калды. Казакстандыктар майрамга кызуу даярданып жатышат. Алар 4 күндүк эс алуусун кайсыл жакта өткөрүшөт? Казакстандын Туроператорлор Ассоциациясынын президенти Инна Рейдин айтымында, коронавирустун жаңы штаммынын оор мезгилинде көптөгөн адамдар тобокелчиликке барууну чечишти. Туристтик жолдомонун көбү БАЭ, Шри-Ланка, Гоа жана Таиландга алынган. Авиакомпаниялар жана кабыл алган өлкөлөр коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Анткен менен серепчилер кырдаалды бир жактуу божомолдоого ашыккан жок.
Инна Рей, Казакстан туроператорлору бирикмесинин президенти:
- Жаңы жылга чейин убакыт бар. Биз азыр так божомол айта албайбыз. Бирок эс алуу учурунда биздин туристтер жылуу жерде эс алууга мүмкүнчүлүк алышат деп ойлойм. БАЭ аба каттамдарынын санын көбөйтүүдө. Эң негизгиси биздин жарандар ишенимдүү компаниялар менен иштеши керек. Туркодду алуу да маанилүү. Андан кийин өмүрдү камсыздандырууну унутпоо зарыл.
Ички туризм жанданды
Ошол эле учурда, Казакстанда ички туризм өнүгүп келет. Үчтүн айы-аяк оона айына чейин өлкө ичинде 4 миллион адам саякатка чыккан. Бул былтыркыга салыштырмалуу 65 пайызга көп. Туристтер арасында Алматы тоо кластери өзгөчө популярдуу. Өткөн жылы бул жерде 870 миңге жакын адам эс алган. Популярдуулугу жагынан экинчи орунда 2020-жылы 300 миңге жакын казакстандык эс алган Алакөл көлүнүн жээги. Ал эми деңиз жээгиндеги курорттору жана термалдык булактары бар Маңгыстау облусу тизмени толуктайт. Эң популярдуу эс алуу жайларынын тизмесине Щучинск-Бурабай курорттук аймагы жана Чыгыш Казакстан облусу кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков