Казакстан-Корея бизнес форуму өттү

Жалпы баасы 400 миллион долларды түзгөн келишимдер. Бул эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда өткөн Казакстан-Корея бизнес форумунун жыйынтыгы. Бизнес форумга 500дөн ашык делегат катышса, анын  50дөн ашыгы ири бизнестин өкүлдөрү. Жыйында Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгынын келечектүү багыттарына токтолду. Жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай сыяктуу стратегиялык тармактардан тышкары Казакстан жашыл энергетика менен жогорку технологиялуу агро өнөр жай тармагында кызматташууга дилгир. Ага ылайык, өлкө инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү чараларына басым жасап жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Корея президенти Казакстанга «акылдуу айыл чарба фермалары» принцибинде иштеген технологияларды жеткирүү сунушун киргизди. Бул абдан жакшы сунуш деп ойлойм. Биз бул долбоорду ишке ашырабыз. Түштүк Кореянын жасалма интеллект, робототехника жана биотехнологияга негизделген инновациялык айыл чарба технологиясын киргизүүгө кызыкдарбыз. Биздин чарбалар жогорку эффективдүү «акылдуу» күнөсканаларды куруу тажрыйбасына кызыгуучулук таанытып жатат.

Казакстан өзүнүн кореялык өнөктөштөрү менен жасалма интеллект технологиясын өнүктүрүү, маалымат борборлорун куруу жана кибер коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташууга даяр. Мамлекет башчы биомедицина тармагында жагымдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Pfizer, Roche, GE Healthcare жана Philips сыяктуу дүйнөгө белгилүү компаниялар өлкөдө дары-дармек жана медициналык жабдуулардын жергиликтүү өндүрүшүн ачканы жатат. Түштүк Кореянын GL Rapha компаниясы жакында Алматыда биофармацевтикалык заводдун курулушун баштайт деп ишенем. Бул рыноктун стандарттарын олуттуу жогорулатат. Ошондой эле, өлкөдө Түштүк Кореянын диагностикалык борборлорун жана көп тармактуу лабораторияларын ачуунун да келечеги чоң.

Которгон: Илгиз Жамалбеков