1 триллион теңге энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого жумшалат

1 триллион теңге энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого жумшалат

Казакстандын энергетикалык жана коммуналдык инфраструктурасын модернизациялоого 1 триллион теңгеден ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өткөн өкмөттүк жыйында жарыяланды. Быйыл тогуз энергоблокту жана 100дөн ашык от казан менен турбинаны капиталдык оңдоо пландаштырылууда. Бул долбоорлорго болжол менен 384 миллиард теңге бөлүнгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9%га көп. Реконструкциялоо «Инвестицияга тариф» программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Улуттук энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо долбоору да ишке ашырылууда. Ага 130 чакырым жылуулук тармактары жана 10 миң чакырымдан ашык электр энергиясы менен камсыздоо тармактары жаңыртылып жатат. Бүгүнкү күндө Өкмөттүн резервинен 25 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнүп, Жетису, Абай, Акмола жана Чыгыш Казакстан облустарындагы объекттерге багытталды.


Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:


– Аймактык акимчиликтерге бардык тендердик жол-жоболорду аяктап, эки жуманын ичинде оңдоо иштерин баштоо тапшырылды. Керексиз бюрократия болбошу керек. Жылытуу жайларын оңдоо баш оона айынын аягынан кечиктирилбестен аякташы зарыл. Түндүк, борбордук жана чыгыш аймактарда бардык коммуналдык инфраструктура жана турак жай-коммуналдык чарба объектилери аяк оона айынын 15не чейин, ал эми калган аймактарда тогуздун айынын 15не чейин ишке толук даяр болууга тийиш. Акимдерге кырдаалды жеке көзөмөлгө алып, үзгүлтүксүз жер-жерлерге барып турууну тапшырам.


Которгон: Илгиз Жамалбеков