2025-жылда бардык казакстандыкдар ичүүчү суу менен камсыз болот

2025-жылда бардык казакстандыкдар ичүүчү суу менен камсыз болот

Мындай тапшырманы Координациялык штабдын жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов билдирди. Ал белгилегендей, суу менен камсыздоо өндүрүштүк процесстерин автоматташтыруу сууну сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Ошол эле учурда бул анын жоготууларын, тармактардын жана курулмалардын авариялык көрсөткүчүн, ошондой эле чыгымдарды азайтат. Жалпысынан мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча 2025-жылга чейин казакстандыктар ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот. Бул тууралуу Өнөр жай министрлигинин башчысы Марат Карабаев эске салды. Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаарларда таза суу менен камсыздоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү дээрлик 98,5%ды, айылдарда 94,5%ды түзөт. Ошол эле учурда эң аз камтуу Абай, Акмола жана Жамбыл облустарынын шаарларында, ошондой эле Акмола, Костанай жана Түндүк Казакстан облустарынын айылдарында байкалууда. Жалпысынан быйыл суу менен камсыздоо, канализация системаларын куруу жана реконструкциялоо боюнча 402 долбоорду ишке ашырууга бюджеттен 280 миллиард теңге бөлүнгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков