Казакстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылы 90,2%га  өстү

Казакстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылы 90,2%га  өстү

Казакстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүү былтыр дээрлик 10 миллиард еврого жетти. Ал дароо 90% дан ашык өстү. Ошол эле учурда аталган европалык мамлекетке ата мекендик өнүмдү экспорттоо боюнча абал да жакшырды. Өткөн жылы алар 86,5%га өсүп, болжол менен 7 миллиард еврону түздү. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин биринчи орун басары Роман Скляр менен болгон жолугушууда Германиянын Соода-өнөр жай палатасынын тышкы соода бөлүмүнүн башчысы Фолькер Трейер билдирди. Бирок бул көрсөткүчтөр жакынкы аралыкта көбөйүшү мүмкүн. Тараптар кызматташтыкты арттырууга ниеттенүүдө. Анын ичинде энергетика, өнөр жай, транспорт жана логистика тармактары бар. Европа тараптын айтымында, Казакстан Германия үчүн Борбор Азия чөлкөмүндө негизги ролду ойнойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков