Тагыраак айтканда 75 позицияда. Учурда республика ислам өлкөсүнө негизинен буудай, арпа, күн карама майы, алюминий жана кара металл экспорттойт. Ата мекендик компаниялар Иранга кайра иштетилген товарлардын бир нече түрүн, биринчи кезекте айыл чарба өнүмдөрүн кошумча жеткирүүгө да даяр.
Кайрат Торебаев, Соода жана интеграция боюнча вице-министри:
- Биз Ирандын рыногуна жеткирүүгө даяр турган 75 өнүмдүн, кайра иштетилген товарлардын тизмесин даярдадык. Бул 75 товардын тизмеси 250 миллион АКШ долларын түзөт. Негизинен биз айыл чарба өндүрүшүнө кызыкдар экенибизди белгилегим келет. Ушул тапта бизде буудай, зыгыр, рапс майы, рапс жана жалпысынан буурчактар жакшы сатылып жатат. Биздин эт азыктары да Иран рыногунда популярдуу.
Ал арада ирандык өндүрүүчүлөр Казакстандагы кайра иштетүү долбоорлоруна инвестиция салууга даяр. Дары-дармек чыгаруу, сүт, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана башкалар артыкчылыктуу болуп саналат. Өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун дагы бир келечектүү багыты транзит жана транспорт тармагы. Казакстан менен Иран Амирабад порту аркылуу жүк жана контейнер ташуу жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Жылдын аягына чейин тараптар кубаттуулукту 250 миң тонна данга чейин жеткирүүнү, ал эми 2025-жылдын аягына чейин жүк ташуу көлөмүн жылына 1 миллион тоннага жеткирүүнү пландаштырууда. Белгилей кетсек, Казакстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылга карата өткөн жылга салыштырмалуу 528 миллион долларга өскөн. Тараптар аны 3 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков