Казакстан интернет тездиги боюнча Борбордук Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында лидер болду

Казакстан интернет тездиги боюнча Борбордук Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында лидер болду

Каржы индустриясы порталынын маалыматы боюнча, республика Армения, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Беларусь жана Тажикстандан алдыда. Белгилей кетсек, жалпы рейтингде биздин өлкө дароо 11 сапка көтөрүлүп, 72-орунга ээ болду. Республикада интернеттин ылдамдыгы бир жыл ичинде дээрлик 48%га өстү. Эксперттердин айтымында, мындай тенденция тармакка туруктуу жана олуттуу инвестициялардын эсебинен болуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле маалымат жана байланыш тармагына тартылган инвестиция 30 миллиард теңгеден ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16%га көп. Ал эми 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бул чөйрөгө инвестиция 179 миллиард теңгеге жеткен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков