Казакстандык окуучу көзү азиздер үчүн жазуу принтерин ойлоп тапты. Ойлоп табуучу Макпал Бердибек "Казак Брайл" деп аталган долбоорду жыл башында баштаган. Анда атайын клавиатура, принтер жана угуу аркылуу тамгаларды үйрөнүү системасы бар. Ошондой эле программадагы ар бир тамганын айтылышын да өзү окуп чыккан.
Макпал Бердибек, жаш ойлоп тапкыч:
Мындай принтерлер базарда 4 миллиондон жогору турат, абдан
кымбат, ар бир адам өзүнө ала албайт. Принтердин өзү эки миллион, ал эми
программалык камсыздоону дагы миллионго алуу керек жана аны окуу абдан кыйын.
Ал эми биздин долбоор болгону 17 миң 500 тенге турат, колдо болгон ылайыктуу
материалдардан жасалган.
Жаш ойлоп табуучу дүйнөдө кырк миллионго жакын көрүү
мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар экенин укканда жеткиликтүү аппарат жасоону
чечкен. Жазуу менен окуу үчүн бардык зарыл мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн казак
долбооруна дүйнөгө белгилүү компания кызыгуучулук таанытып жатат.
Мейрамгүл Орынбаева, долбоор жетекчиси:
Эл аралык Solve for
tomorrow сынагына 450 команда катышты. Анын ичинде эң мыкты 30 команданын
арасына кошулдук. Дагы бир тандоо болуп, мыкты 10 командага кирдик. Эми аяк
оона айынын 9у күнү Астанадагы IT университетине сынакка барабыз.
Макпалдын долбоору Жамбыл облусундагы көзү азиз жана начар
көргөн жарандардын китепканасында сыналып, жогорку баага татыды. Жаш ата
мекендик ойлоп табуучу аппарат ар бир көзү азиз жандын жардамчысына айланат деп
эсептейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков