Бирдиктүү топтоочу пенсиялык фондунун порталы акыркы 2 жумада тынымсыз иштеп жатат. Жалкоолор гана иштеген жылдар ичинде канча пенсиялык топтоо болгонун жана эң негизгиси, канча акча алына тургандыгын текшергиси келген жок! Эми мынтип бардык механизмдер белгилүү болду – тагыраагы бийлик пенсияны бир жолку төлөө боюнча эрежелерди бекитти. Ал эми казакстандыктар жөнөкөй көрсөтмөлөрдү гана аткарып, акчаларын кайда жөнөтүүнү чече алышат.
Үнөмдөлгөн каражаттары жөнүндө буга чейин маалымат алгандардын катарында Жеңис Ермуканов дагы бар. Быйыл ал жана анын үй-бүлөсү жаңы конуштуу болушун майрамдашы мүмкүн. Жеңис пенсиялык топтомдорду жетиштүү чектен жогору баштап, алгачкы төлөмгө кошуп, өзүнө ыңгайлуу чарчы метрлерин алууну мерчемдеп жатат.
ЖЕНИС ЕРМУКАНОВ, ЖУРНАЛИСТ:
- Көптөн бери батир сатып алууну эңсегендер үчүн бул абдан жакшы мүмкүнчүлүк, менин босого деңгээлим ипотека үчүн баштапкы төлөмдүн дээрлик жарымын жабууга жетиштүү экенине кубанычтамын. Ошентип, мен батир сатып алууну көздөгөн максатыма жакындадым.
Казакстандыктар Турак-жай курулуш сактык банкы 24 тиркемеси аркылуу эсеп ачып, enpf-otbasy.kz порталындагы өз аманаттарын пайдалануу үчүн арыз бериш керек. Акыркы айда «Отбасы Банкы» менен Бирдиктүү топтоочу пенсиялык фондунун адистери биргелешип иштелип чыккан аянтча ушундай. Платформа өткөн ишембиден бери бардык казакстандыктарга жеткиликтүү болуп калды. Ошол эле учурда, банктын кызматкерлери талкууга алынган пенсиялык топтоо үчүн алынган батирди 5 жылга сатууга болбойт деген эрежени кеңири түшүндүрүп беришти. Бул чен баардык жарандарга бирдей колдонулбай турганы белгилүү болду.
ЛЯЗЗАТ ИБРАГИМОВА, «ОТБАСЫ БАНК» АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:
- Бул эрежелер киргизилгенден кийин алынган ипотекалык насыяларга гана тиешелүү болот. Эмнеге? Бул биринчи кезекте кыймылсыз мүлккө баанын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн жасалып жатат. Жаран бир жолку пенсиялык төлөмдөрү менен ипотека насыясын ала алат, андан кийин аны мөөнөтүнөн мурда жаап салат. Ал эми дагы 2 күндүн ичинде аны кымбатыраак баада сатууну каалайт. Анткени, башка Бирдиктүү пенсиялык топтоо фондунан каржат чечүүчүлөрү тарабынан суроо-талап бар. Ошондуктан, бул норма киргизилди.
Мындан тышкары, бир жолку пенсиялык төлөмдөрдү чексиз пайдаланууга болот. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө казакстандыктар өз пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн «Отбасы банктта» 60 миңден ашуун атайын эсеп ачышты. Уюштуруучулардын берген маалыматы боюнча, муну башка каржы мекемелеринде деле жасаса болот. Экинчи деңгээлдеги банктар дагы иштешет. Азырынча «Халық Банкы» катышуу тууралуу расмий билдирүү жасады.
ЛЯЗЗАТ ИБРАГИМОВА, «ОТБАСЫ БАНК» АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:
Бул иш жүзүндө жарандарга тандоо жасоого, башкача айтканда, өзүнүн ипотекасы бар банк аркылуу же Отбасы банкы аркылуу тандоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эң негизгиси, бул кардар үчүн ыңгайлуу. Биз аны кубаныч менен кабыл алабыз.
Бирок, дарыланууга каражат чечип алуу боюнча Отбасы Банкы гана иштейт. Белгилей кетүүчү нерсе, дарылоонууга жумшала турган каражаттын эрежелери азырынча бекитиле элек. Азыр алар серепчилердин талкуусунда. Ляззат Ибрагимованын айтымында, түшүндүрүү иштери ушул жумада башталат.