Казакстан илимпоздору сүттүн сары суусунан дарылык суусундук жасап чыгарышты

Казакстан илимпоздору сүттүн сары суусунан дарылык суусундук жасап чыгарышты

Казакстандык илимпоздор дарылык касиети бар суусундук чыгаруунун технологиясын ойлоп табышты. Ал сүттүн сары суусунан жасалат. Учурда республикада 200гө жакын сүт заводдору тынымсыз иштеп жатат. Алардын ар бири суткасына 7 тоннага чейин калдыктарды чыгарат. Эми иштелип чыккан технология экологияга зыян келтирбестен, сүт калдыктарын кайра колдонууга мүмкүндүк берет. Анын үстүнө адамдын организми үчүн абдан пайдалуу. Республиканын микробиология жана вирусология илимий-өндүрүштүк борборунун окумуштуулары аталган ноу-хау менен 6 жылга жакын убакыт алектенишкен.

Амангелди Саданов, биология илимдеринин доктору,  профессор, академик:

- Бул шарттуу патогендүү организмди өлтүрүүчү микробдорду таптык. Биз аны жок кылдык. Эми калган нерселердин арасынан адамдын организмине пайдалуу микроорганизмди коштук. Андан кийин аны ачытып, чыныгы суусундук жасап чыгардык. Технологиясы жана ачыткысы биздики. Алардан түтүк аркылуу агып келет да 2,3,5 тонна чоң сыйымдуулукка салынат. Ошентип, ачытууну жүзөгө ашырабыз. Бардык микробиологиялык жараяндарды жүргүзүп, андан кийин бөтөлкөгө куюп шаарга сатып жатышат.

Адистердин айтымында, таза биологиялык өнүмдөрдү үзгүлтүксүз колдонуу менен ашказан, ичеги-карын ооруларын алдын алууга болот. Сүттүн сары суусунан жасалган суусундуктардын дагы 4 түрү өндүрүшкө киргизилүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков